Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Маданият жана тарых
26 декабрь 2020
Кыргызстандагы «Музейлер түнү 2020 Digital Art» онлайн режиминде өтөт
Кыргызстанда 26-декабрда саат 12:00дөн 24:00гө чейин «Музейлер түнү 2020 Digital Art» долбоору онлайн форматта өтөт. Бардыгы квест оюнуна катыша алышат, эл аралык спикерлер менен түз эфирде, карантиндик долбоорлорду көрө алышат, ретрит-сессиясына жана суроо-жооп талкууларына катыша алышат.
23 декабрь 2020
Виктор Цойдун «Перемен» ырын кыргыз аспаптары менен аткарышты
«Ибарат» ансамбли Виктор Цойдун «Перемен» ырынын кавер версиясын аткарып беришти. Музыканттар чыгарманы жөн жерден эле тандап алышкан эмес. Алар мындай жол менен улуу муунга кайрылып, келечек муунга гүлдөп-өнүккөн өлкөнү мурас катары калтырып кетүүгө чакырышкан.
22 декабрь 2020
Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун "Үмүт" форуму өтүп жатат
21-25-декабрь аралыгында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун "Үмүт" форуму өтүп жатат, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
21 декабрь 2020
Жалал-Абад шаарында «Орус ыры досторду чогултат!» аттуу фестиваль өттү
Жалал-Абад облустук Барпа атындагы театрында «Орус ыры досторду чогултат!» аттууу фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу журналисттерге Россотрудничестводон билдиришти.
18 декабрь 2020
Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирди
Салттуу интеллектуалдык Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди. Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынганын ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясы билдирди.
18 декабрь 2020
Кыргызстандан барган көчө тазалагычтар Моргенштерндин ырына ремейк жасашты
Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандыктар рэпер Моргенстерндин «Кадиллак» ырына пародия тартышты. Ошентип, коммуналдык кызматчылар өз иштери тууралуу айтып, аймакта тартипке келтиришти.
14 декабрь 2020
Бишкекте Түндүк Кавказга арналган фестиваль өтөт
Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында «Түндүк Кавказ элдеринин маданияты» эл аралык фестивалы өтөт.
13 декабрь 2020
Стамбулда Айтматовдун эстелигине гүл коюлду
12-декабрда белгиленүүчү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов жана Башкы консулдуктун кызматкерлери Айтматов паркында жайгашкан анын эстелигине гүл коюшту. Мындан тышкары, иш-чарага парк жайгашкан район башчысы Али Кылыч катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.
12 декабрь 2020
12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгы белгиленди
12-декабрь, ишемби күнү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгы белгиленди. Дал ушул Айтматов Кыргызстандагы кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан инсан катары белгилүү.
11 декабрь 2020
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили — урду тилине которулду Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
8 декабрь 2020
Екатеринбургдагы Рождество жарманкесинде кыргыз тамак-аштары жана суусундуктары коюлду
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлдөрү улуттук тамак-аштарды, суусундуктарды жана башка даамдарды тартуулашып, аларды даярдоонун ыкмалары жөнүндө айтып беришти.
7 декабрь 2020
Кыргызстандын тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлдү
Кыргызстандан «Көл» тасмасы Голливуддун Чет элдик пресс-ассоциациясынын 78-Америкалык Алтын Глобус сыйлыгына көрсөтүлдү. Тиешелүү билдирүү бирикменин сайтына жарыяланды.
4 декабрь 2020
Премьер-министрдин м.а. Новиков: «Манас» — муундарды тарбиялаган билим сандыгы
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ алдыңкы манасчылар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн талкуулады. Тактап айтканда, маданий мекемелерде манасчылардын штаттык бирдиктеринин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы
3 декабрь 2020
Кыргызстанда Манас күнү эпосту 24 саат бою айтуу менен белгиленет
Манас күнүн майрамдоого карата Кыргызстандын ар тарабынан келген жаш жана белгилүү манасчылар бир күн бою эпосту тынбай айтышат.
1 декабрь 2020
Екатеринбургдагы фестивалда кыргызстандык «Күн карама» тасмасы эки сыйлыкка ээ болду
1-декабрда Екатеринбург шаарында аяктаган «Россия» даректүү тасмалардын ачык фестивалында Чыңгыз Сулумбековдун «Күн карама» тасмасы эки сыйлыкка ээ болду. Фестивалдын сайтында айтылгандай, тасма «Жаркын дебют үчүн» дипломун жана Бүткүл россиялык «Промоушн» телеканалында бекер көрсөтүлүү укугуна күбөлүк алды.
1 декабрь 2020
Россияда өтө турган «Кинопроба-2020» фестивалында алты кыргыз тасмасы көрсөтүлөт
1-5-декабрь аралыгында Екатеринбург шаарында өтө турган «Кинопроба-2020» киномектептердин эл аралык фестивалында Кыргызстандан алты тасма көрсөтүлөт.
29 ноябрь 2020
Кыргызстан Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берет
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу учурунда Түркиянын уюштуруу комитети үч жолу жогорку деңгээлдеги оюндар өткөн Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөп жатат.
26 ноябрь 2020
Бишкекте кыргыз-казак маданий борбору ачылат
Жакын арада Бишкекте белгилүү казак акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат.
25 ноябрь 2020
Бишкекте «Пушкин Балы» өттү
Бишкекте «Пушкин Балы» болуп өттү. Бий студияларынын окуучулары Пушкин доорундагы костюмдарды кийип, Чайковскийдин, Свиридовдун, Хачатуряндын музыкаласына вальс бийлешти.
23 ноябрь 2020
Кыргыздын улуттук ырлары жаңсоо тилине которулду
Кыргызстандын улуттук ырлары угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп, жаңсоо тилине которулду.
1
2
Вперед