Кыргызстандык сулуу Untact Face of Asia сынагынын жарым финалына чыкты
22 ноябрь 2020

Кыргызстандык сулуу Untact Face of Asia сынагынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык студент Сезим Чотубаева Untact Face of Asia — 2020 эл аралык сулуулук сынагынын жарым финалына өттү. Кыз Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 1-курсунун студенти жана окуусун моделдик карьера менен айкалыштырат.

Сеулдун Маданият, спорт жана туризм министрлиги жана Сеул туризм уюму тарабынан уюштурулган Untact Face of Asia сынагы быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн форматта өттү.

Сентябрь айында өткөн сынактын биринчи туруна Азиянын 23 өлкөсүнөн 80 модель катышкан. Кийинки этапка 40 кыз өткөн, андан кийин 30 катышуучу калган. Жарым финалга 26 модель өтүп, финалда Азиянын башкы сулуусу наамына 13 талапкер ат салышат.

Катышуучулар өздөрүнүн видеотасмаларын тартуулашты, анда калыстар тобун жана сынактын көрүүчүлөрүн өз өлкөсүнүн маданияты менен тааныштырышат. Ошондой эле, өзүлөрү жана хоббиси жөнүндө айтып беришет.

Сезим финалга өтүшү үчүн, анын видеосуна YouTube’дан лайк жана комментарийлерди топтошу керек. Онлайн добуш берүүгө дүйнөнүн ар тарабындагы бардык каалоочулар катыша алат.