Премьер-министрдин м.а. Новиков: «Манас» — муундарды тарбиялаган билим сандыгы
4 декабрь 2020

Премьер-министрдин м.а. Новиков: «Манас» — муундарды тарбиялаган билим сандыгы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ алдыңкы манасчылар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн талкуулады.
Тактап айтканда, маданий мекемелерде манасчылардын штаттык бирдиктеринин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Новиков манасчыларды өкмөт айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн күч-аракетин жумшайт деп ишендирди. Ал Кыргызстанда «Манас» эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа даярдалып жатканын эске салды.

«Манас эпосунун уникалдуулугу — бул улуу жандуу мурас, ага окшоштор жок жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээлейт. Ал алгач кандай болсо, ошол бойдон жашап келет. Бул муундарды тарбиялаган билим сандыгы», — деди Новиков.

Ал ошондой эле жакында эле манасчы Дөөлөт Сыдыков улуу эпосту тынбай 14 сааттан ашык айтып, бүтүндөй дүйнөнү таң калтырганын белгиледи.

«Бул иш-чара Гиннесстин рекорддор китебине киргизилет деп үмүттөнөм, бул өз кезегинде манасчылыктын уникалдуулугун дагы бир жолу баса белгилейт», — деди ал.