Кыргызстандан барган көчө тазалагычтар Моргенштерндин ырына ремейк жасашты
18 декабрь 2020

Кыргызстандан барган көчө тазалагычтар Моргенштерндин ырына ремейк жасашты

Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандыктар рэпер Моргенстерндин «Кадиллак» ырына пародия тартышты. Ошентип, коммуналдык кызматчылар өз иштери тууралуу айтып, аймакта тартипке келтиришти.

Видеодогу кымбат баалуу унаалардын ордуна курулуш унаасы жана эски велосипед, ал эми бийчилерди отургучта отурган москвалык пенсионерлер алмаштырышкан.

Видеонун каармандары «люкс атрибуттарын» (Алтуфьевский районунун герби түшүрүлгөн «алтын» чынжырча жана Balenceага бут кийими) демонстрациялашып, карды жана кулаган бутактарды тазалап «акчаны кантип күрөп таап жатканын» ырдашты.

«Унаа сигнал берет, Алтушканы тазалайбыз», — деп коммуналдык кызматкерлер рэп окушту. Интернет колдонуучулар жумушчулардын эмгегин жогору баалады.

«Шедеврально!», «Моргенштерн! Биздин аймактын балдары мыкты окушат!», «Түпнускадан жакшы», - деп жазган комментаторлор.

Моргенштерн өзү Instagram баракчасында жигиттердин ишине шилтеме жасап: «Тарыхта из калды» деп жазган.