Рекорд койду: Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык тынбай манас айтты
13 ноябрь 2020

Рекорд койду: Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык тынбай манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков жакында эле манас айтуу боюнча рекорд койду. Эми анын бул ийгилиги Гиннесстин рекорддор китебине киргизилет.

Ал 14 саат 27 мүнөт 51 секунд тынбай «Манас» айтты. Манасчы тыным албай манас айтууну улантмак, бирок көрүүчүлөр анын ден соолугуна зыян келбеши үчүн аны токтотушкан. Буга чейин бир да манасчы тыным албай 10 сааттан ашык «Манас» айткан эмес.

Иш-чара Бишкектин борбордук аянтында өттү. «Манас» айтууну Гиннесстин рекорддор китебине киргизүүгө аракет көрүү үчүн аянтка бийиктиги 5 метрдей болгон атайын констркуциянын үстүнө сырты айнек менен капталган боз үй орнотушкан. Сыдыковду колдоо үчүн келгендер аянтта чогулуп турушту. Манас айтылып бүткөндөн кийин чогулгандар «Манас!» деп ураан чакырып, манасчынын атын айтып, сүрөөнгө алышты.

Сыдыков өзү иш-чаранын максаты бир гана рекорд коюу эмес, манасчылык өнөрдү барктоо жана «Манас» эпосун даңктоо экенин айтты. Аны менен катар Кыргызстандын элин биримдикке чакыруу экенин белгиледи.

«Манас» эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос, ал 500 миңден ашык ыр саптарын камтыйт. Анда Манас баатырдын өмүр жолу, жеңиштери жана кыргыз элинин тарыхы баяндалат. «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.