Кыргызстандын тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлдү
7 декабрь 2020

Кыргызстандын тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандан «Көл» тасмасы Голливуддун Чет элдик пресс-ассоциациясынын 78-Америкалык Алтын Глобус сыйлыгына көрсөтүлдү. Тиешелүү билдирүү бирикменин сайтына жарыяланды.

Фильмдин режиссеру Эмил Атагелдиев. Тасма сынакка The Lake аталышында катышат. Ал чет тилдеги «Эң мыкты» тасма номинациясына көрсөтүлдү.

Жалпы 77 мамлекеттен 138 тасма көрсөтүлгөн.