Бишкекте кыргыз-казак маданий борбору ачылат
26 ноябрь 2020

Бишкекте кыргыз-казак маданий борбору ачылат

Жакын арада Бишкекте белгилүү казак акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпейисовдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, Казакстандын элчиси маданий борбордун ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданият жаатында биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.