Екатеринбургдагы Рождество жарманкесинде кыргыз тамак-аштары жана суусундуктары коюлду
8 декабрь 2020

Екатеринбургдагы Рождество жарманкесинде кыргыз тамак-аштары жана суусундуктары коюлду

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлдөрү улуттук тамак-аштарды, суусундуктарды жана башка даамдарды тартуулашып, аларды даярдоонун ыкмалары жөнүндө айтып беришти.

Жарманкенин ачылышы 2020-жылдын 4-декабрында Уралдын борборунун Тарых аянтында өттү.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов өз сөзүндө иш-чаранын бардык катышуучуларын келе жаткан Рождество жана Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Салтка айланган жарманкеге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгү, шаардык мэрия, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жана коноктор катышты.