Чыңгыз Айтматовдун «Жамилясы» Татарстанда коюлду
16 ноябрь 2020

Чыңгыз Айтматовдун «Жамилясы» Татарстанда коюлду

Амутбаев атындагы Мензелинск мамлекеттик татар драматеатрында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестинин негизинде ушундай эле аталыштагы спектакль коюлду.

Башкы ролдк Динара Актамова ойноду. Актриса айтканынан кайтпаган Жамилянын образын гана ачып бербестен, ошол учурдагы патриархалдык турмуштагы аялдардын ордун жакшы ачып берген. Динара Акматова менен Даниярды ойногон актер Руслан Ахметзянов Айтматовдун каармандары бири-бирин чын дили менен сүйөрүн күйөрмандарга жеткире алышты.

Спектаклде повестегидей сүйүү баянын, үй-бүлөдөгү мамиле, мыкаачылык жана согуш тууралуу Жамилянын кайниси Сеит тарабынан баяндалат. Сеиттин образын Инсаф Альмухаметов жакшы ачып берген. Ал эми Сеиттин чоңоюп калган учурун актер Рустем Зиннуров ойноду.

«Жамиля» повести 1958-жылы жарыяланып, Чыңгыз Айтматовду дүйнөлүк даңк алып келген. Жазуучу 1963-жылы чыккан повесттер жыйнагы үчүн Ленин сыйлыгын алган. Аталган жыйнакка «Жамиля» повести да кирген.