Кыргызстанда ыктыярчылар тууралуу даректүү тасма тартылууда
17 ноябрь 2020

Кыргызстанда ыктыярчылар тууралуу даректүү тасма тартылууда

Социалдык кайрымдуулук менен алектенген кишилер тууралуу Руслан Акундун Bairak group киностудиясы даректүү тасма тартып жатат.

«Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында атайын команда өлкө боюнча пандемияда, митингдерде жана башка иш-чараларды иштеген ыктыярчылар тууралуу кыска даректүү тасмаларды жана фоторепортаждарды тартышууда.

Сюжеттердин бири Ысык-Көлдөгү «Абийир Эл» коомдук бирикмесине арналган. Алар зомбулуктан жабыркагандарган психологиялык жана юридикалык жардамдарды берип келишет. Карантин маалында бирикменин активисттери үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдар үчүн түнөктөрдү уюштурген.

Караколдогу «Лидерство» коому айылда жашаган жаштар үчүн жаңы жөндөм жана билим алууга жардам берет. Уюмдун дагы бир багыты — Каракол шаарынын маданиятын жана тарыхын сактоо. Бишкектик Валерия өзүнүн санаалаштары менен 10 жылдан бери дайынсыз жоголгон адамдарды издөөгө жардам берип келишет. Пандемия учурунда ыктыярчылардын тобу адамдарды ооруканаларга жеткирип, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү.

Баткенде ыктыярчылар ири жумуш орундарынын жарманкесин уюштуруп, пандемиядан улам оор кырдаалга тушуккандарга жумуш табууга жардам беришет.

Бул долбоордун авторлору чагылдырууну пландап жаткан окуялардын бир гана бөлүгү.