«Кыргызстан сулуусу 2020» конкурсунун жеңүүчүсү жазында тандалат
17 ноябрь 2020

«Кыргызстан сулуусу 2020» конкурсунун жеңүүчүсү жазында тандалат

«Кыргызстан сулуусу 2020» сулуулук конкурсунун финалы 2021-жылы жазында болот. Мындай чечимди улуттук конкурстан дирекциясы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алган.

«Кыргызстан сулуусу 2019» улуттук титулунун ээси Екатерина Заболотнова 2021-жылы жазында «Кыргызстан сулуусу 2020» улуттук титулун кийинки жеңүүчүгө өткөрүп берет. Ал 2021-жылдын октябрында боло турчу «Дүйнө сулуусу» конкурсуна Кыргызстандын атынан катышат«, — деп айтылат маалыматта.

Конкурстун аймактардагы тандоо турларын онлайн өткөрүү пландалууда. 2020-жылдын 10-декабрынан тарта 18 жаштан 23 жашка чейинки кыргызстандык кыздар «Кыргызстан сулуусу 2020» улуттук конкурсуна катышуу үчүн арыздарын онлайн түрдө тапшыра алат. Ал үчүн конкурстун Instagramдагы Miss Kyrgyzstan — @misskyrgyzstan_official барагына жиберүү керек.

Буга чейин маалымдалгандай, 70чи ирет уюштурулуп жаткан «Дүйнө сулуусу» конкурсунун финалы 2021-жылдын октябрь айында өтөрү кабарланган. Иш-чараны кийинкиге жылдыруу пандемиядан улам кабыл алынган.