Кыргызстан Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берет
29 ноябрь 2020

Кыргызстан Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берет

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу учурунда Түркиянын уюштуруу комитети үч жолу жогорку деңгээлдеги оюндар өткөн Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөп жатат.

Оюндарды уюштуруу жана өткөрүү Стамбулдагы жолугушууда талкууланды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү — Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев катышты.

Кайрат Иманалиев ар бир өлкө өзүнүн улуттук салттарын өз деңгээлинде көрсөтүшү үчүн, маданий иш-чараларды өткөрүүгө кененирээк аймак түзүүнү сунуш кылды.

Ошондой эле, кыргыз тарап кол өнөрчүлөр үчүн «Көчмөндөр ааламы» жана «Этно-базар» этнофестивалын уюштурууну сунуштады.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылдын сентябрь айында Түркиянын Изник ​​шаарында өтөт.