Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду
11 декабрь 2020

Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили — урду тилине которулду Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев эл аралык Ч.Айтматов атындагы фондунун президенти, белгилүү жазуучунун үй-музейинин директору Элдар Айтматовдун менен жолукту.

Анын айтымында, көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы урду тилине которулуп, басылууга даярдалып жатат. Бейшембиев Элдар Айтматовду кийинки жылы Пакистанга келип, китептин расмий бет ачар аземине катышууга чакырды.

Урду тили англис тили менен катар Пакистандын расмий тилдеринин бири. Ачык маалыматтарга караганда, бул тилде 100 миллиондон ашуун адам сүйлөйт.