Россияда өтө турган «Кинопроба-2020» фестивалында алты кыргыз тасмасы көрсөтүлөт
1-5-декабрь аралыгында Екатеринбург шаарында өтө турган «Кинопроба-2020» киномектептердин эл аралык фестивалында Кыргызстандан алты тасма көрсөтүлөт.
Алардын бири — Аманат Рахманованын «Бабалар мурасы» тасмасы — даректүү фильмдердин сынактык программасына катышат.
Дагы беш тасма атайын программада — «Үмүт» жаш кино форумунун тасмаларында" тартууланат:
- «Кыял», КТУ «Манас», 2020, 17 мүнөт, режиссер Чынгыз Самудин уулу. Үмүт-2020 форумуна тандалып алынган
- «Тогуздан кийинки эгиздер» КТУ «Манас», 2020, 14 мүнөт, режиссер Лунара Жээнбекова. Үмүт-2020 форумуна тандалып алынган
- «Кара жыгач», КТУ «Манас», 2020, 13 мүнөт, реж. Кайрат Азимбаев. Үмүт-2020 форумуна тандалып алынган
- «Таштан», Эрнест Абдыжапаровдун мастер класстары, 2020, 12 мүнөт, режиссер Санжар Абдыжапаров. Үмүт-2020 форумуна тандалып алынган
- «Селкинчек», FAMU Кино мектеби (Прага), 2019, 21 мүнөт, режиссер Самара Сагынбаева, Үмүт-2019 форумунун катышуучусу
КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун «Үмүт» форумун 2020-жылдын 16-20-декабрында өткөрүү пландаштырылууда.