Стамбулда Айтматовдун эстелигине гүл коюлду
13 декабрь 2020

Стамбулда Айтматовдун эстелигине гүл коюлду

12-декабрда белгиленүүчү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов жана Башкы консулдуктун кызматкерлери Айтматов паркында жайгашкан анын эстелигине гүл коюшту. Мындан тышкары, иш-чарага парк жайгашкан район башчысы Али Кылыч катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Абдрахманов Айтматовдун түрк элдеринин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын баса белгиледи. Буга байланыштуу консул Айтматовдун жазуучулук талантын гана эмес, анын дипломатиялык даанышмандыгына дагы токтолду.

Өз кезегинде Али Кылыч Башкы консулдукка бул иш-чараны өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирип, Айтматовдун инсандык улуулугун белгилеп, түрк эли улуу жазуучунун элесине сый урмат менен мамиле кыла турганын белгиледи.