Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына талапкер аныкталды
21 ноябрь 2020

Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына талапкер аныкталды

Оскарга» Кыргызстандын атынан режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө-Күлүк» тасмасы катышат. «Ак-Илбирс» улуттук киносыйлыгынын катчылыгынан кабарлашкандай, тасма «Мыкты чет элдик тасма» номинациясына көрсөтүлөт.

Бул тасмада адамдардын ортосундагы мамилелерге, достукка, берилгендикке жана сүйүүгө өзгөчө маани берилген. Үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан өспүрүм Жекшендин окуясы аркылуу режиссер Мирлан Абдыкалыков толук эмес үй-бүлөлөрдө жашап, ата-энесиз калган, оор шартта жашаган балдардын көйгөйүн ачып берген.

Айылдагы күнүмдүк турмуштун фонунда Жекшен адамдык чоң сыноолорду башынан өткөрөт. Бирок ал балалык баё сезимин жоготпой, чоңдордун көйгөйлөрүн чечип келет. Ал чуркоо анын таланты экенин түшүнүп, мектептеги жарыштарга жана тушо тойлордо чуркайт. Бул жаатта ага эч ким тең келбейт.

2020-жыл үчүн «Оскар» сыйлыгы 25-апрелде Лос-Анжелесте өтөт. Киносыйлык 93-жолу өткөрүлөт.