Кыргызстандагы «Музейлер түнү 2020 Digital Art» онлайн режиминде өтөт
26 декабрь 2020

Кыргызстандагы «Музейлер түнү 2020 Digital Art» онлайн режиминде өтөт

Кыргызстанда 26-декабрда саат 12:00дөн 24:00гө чейин «Музейлер түнү 2020 Digital Art» долбоору онлайн форматта өтөт. Бардыгы квест оюнуна катыша алышат, эл аралык спикерлер менен түз эфирде, карантиндик долбоорлорду көрө алышат, ретрит-сессиясына жана суроо-жооп талкууларына катыша алышат.

Мындан тышкары, 3D галереясында Solar Sign онлайн резиденциясындагы эл аралык катышуучулардын долбоорлору көрсөтүлөт.
Уюштуруучулар бул жыл дүйнөнүн жана ар бир инсандын глобалдык өзгөрүүлөрүнүн жылы болуп калганын белгилешти. «Museums Night 2020: Digital Art сизди санариптик искусство мейкиндигине тартып, биздин материалдык чөйрөбүздүн морттугун түшүнүү жолу менен жүрүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат иш-чаранын жарыясында.

Долбоорду чыгармачыл топ Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте уюштуруп жатат. Ал Германиянын КРдеги элчилигинин жана Казакстандагы Гёте институтунун колдооочу менен ишке ашууда.

Түз эфир боло турчу жерлер:
ФБ: @OYOUM тобу
Instagram: @museumsnight_kg
Кирүү акысыз.