Бишкекте Түндүк Кавказга арналган фестиваль өтөт
14 декабрь 2020

Бишкекте Түндүк Кавказга арналган фестиваль өтөт

Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында «Түндүк Кавказ элдеринин маданияты» эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара 17-декабрда саат 16:00дө Россия жана Кыргызстан кайчылаш жылынын алкагында уюштурулат.

Программада Түндүк Кавказ элдеринин бийлери жана ырлары камтылган. Кыргызстандын чыгармачыл жамааттары жана артисттери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ошол эле учурда коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрдүн санын чектелет.