Кыргыз тайганы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши мүмкүн
12 ноябрь 2020

Кыргыз тайганы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши мүмкүн

Кыргыз элинин байыркы аңчылык породасындагы ити — тайган ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кириши мүмкүн. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тайганды ЮНЕСКОнун адам заттын материалдык эмес мурастары тизмесин киргизүү үчүн документтерди даярдады.

Тайган — сейрек кездешет, ал Кыргызстандын улуттук породасы деп эсептелет жана өлкөнүн тышында анчейин белгилүү эмес. Тайган Кыргызстандын тоолуу шарттарына ыңгайлашкан.

Тайган көчмөн элди кылымдардан бери коштоп келген. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыздар тайган менен аңчылыкка чыгат.