Браконьерликке каршы күрөшкөн егерлер сыйланды
29 декабрь 2020

Браконьерликке каршы күрөшкөн егерлер сыйланды

Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын 12 егери жаратылышты коргоо жана «Барс» тобу менен бирге браконьерликке каршы күрөшүү иш-чараларында жардам бергени үчүн сыйланышты. 

Сыйлык тапшыруу аземи Бишкектеги NABU-Кыргызстан кеңсесинде өттү. Жаратылышты коргоо боюнча адистерге Ардак грамоталар, дүрбү жана кышкы жылуу формалар тапшырылды.

«Биз жапайы жаратылышты жөн гана кайтарбастан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз кол салуу фактылары жөнүндө тез кабарлап, бардык браконьерликке каршы туруп өзгөчөлөнгөндөрдү белгилегибиз келди», — деди NABU-Кыргызстандын директору Толкунбек Асыкулов.

Ал ошондой эле, браконьерликке каршы күрөшүү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.