Браконьерлер тарабынан кордолгон илбирс Жаабарс үн чыгара баштады
15 ноябрь 2020

Браконьерлер тарабынан кордолгон илбирс Жаабарс үн чыгара баштады

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү көз салып жаткан Жаабарс аты берилген жаш илбирс мияулай баштады. Ак илбирстин үн чыгарып жаткан видеосун «Бугу-Эне» реабилитациялык борборунун жетекчиси Салтанат Сейитова жарыялады.

Адистердин айтымында, ак илбирстин үн чыгарып жатышы жыныстык жактан жетилүү мезгилинин башталышын билдирет. Балким эркек жаныбар ургаачысын ушинтип өзүнө тартса керек. Бирок Салтанат Сейитова Жаабарс бир-эки жылдан кийин гана каршы жыныстагы түгөйү менен жолугушууга даяр болорун белгиледи.

Эске салсак, быйыл 9-январда Талас районундагы токойдогу бактын башынан жаракат алган илбирс табылган. Жаныбарга тез жардам көрсөтүү керек болуп, ал борборго жеткирилип операция жасалган.

Ветеринарлар илбирсти жакындан же ага куралды такап туруп атышканын аныктаган. Жырткычтын башынан болжол менен 70 бытыроо табылып, анын 18и алынган. Жаабарстын жаракаттан улам көзүн көрбөй калган, ал жапайы жаратылышта жашап кете албайт.