
Быйыл Бишкекте 10 миң бак-дарак отургузулат
2021-жылы борбор калаага 10 миң бак-дарак отургузуп, 40 арыктарды орнотуу пландаштырылууда. Мындай пландарды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 8-январда Бишкектеги түтүн көйгөйү боюнча экологиялык эксперттик коомчулуктун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, иш мэрия менен биргеликте жана эксперттердин, экологдордун пикирин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Артём Новиков мэриядан бак-дарактарды туура отургузуу үчүн Бишкектеги жашыл аянтчалардын картасын даярдоону суранды.