Нефтетрейдерлер ассоциациясы: күйүүчү майга техникалык регламенттерди киргизүү күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүнө алып келбейт
Күйүүчү майга техникалык регламенттерди киргизүү күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.
Ал Экономика министрлиги буга чейин техникалык регламент күчүнө кирсе, анда күйүүчү майдын баасы 7 сомдон 15 сомго чейин көтөрүлөт деп билдиргенин эске салды.
«Бул билдирүү туура эмес. Регламент кандайча күчүнө кирет, эгерде ал 2019-жылдын 12-августунан бери иштеп келе жатса. Ал эми экологиялык класстагы күйүүчү май Кыргызстанда 2015-жылдан бери сатылып жатса, анда кандайча күчүнө кирет», — деди ал.
Канат Эшатов кошумчалагандай, K2, K3 жана класстан тышкары күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынгандыгына карабастан, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети жыл сайын Россия менен күйүүчү-майлоочу материалдарды пошлинасыз ташып келүү боюнча индикативдик балансты түзүп турат, бул өлкөгө K3 жана андан аз төмөнкү майды импорттоого болорун көрсөтүп турат.
Эске салсак, Бажы бирлигинин «Автомобилдик бензинге, дизелге жана кемеге, ошондой эле авиакеросинге жана мазутка талаптар жөнүндө» (ТР ТС 013/2011) техникалык регламенттери Кыргызстанда 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кирген. Бирок ЕЭКтин коллегиясы ар бир техникалык регламентти колдонуунун жол-жобосун, башкача айтканда, белгилүү бир өткөөл мезгилди белгилейт. Кыргызстан дароо 2021-жылдын 12-августуна чейин убакыт алган.