Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 датчик орнотулат
22 декабрь 2020

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 датчик орнотулат

17-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттиги абанын сапатын көзөмөлдөөчү шаймандарды алды. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

2020-жылы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун абасынын сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында, 2020-2023-жылдары АӨБ менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Меморандумдун алкагында, жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында 50 Clarity NODE S датчиктери орнотулат. Кыргызгидрометтин адистери Clarity NODE S түйүндөрүн жайгаштыруу боюнча колдонмонун негизинде 50 жерди тандап алышкан. Кеңири маалымат алуу үчүн датчиктер Бишкек шаарында гана эмес (42 датчик борбор калаага орнотулат), ошондой эле шаардын айланасына орнотулат: Аламүдүн районунда — 3 датчик, Сокулук району — 1 датчик, Ысык-Ата районунда — 4 датчик.

Станциялардын жайгашкан жерлерин тандоодо белгилүү бир таасирди аныктоо, шамалдын багытын жана башка параметрлер да эске алынган.