2021-жыл Кыргызстанда айлана чөйрөнү коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн
15 январь 2021

2021-жыл Кыргызстанда айлана чөйрөнү коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн

2021-жылдын башталышы Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков экологиялык кырдаалды жакшыртууга арналган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Демилгенин автору талкуунун катышуучуларынын бири болгон. Новиков «үстүбүздөгү жылга өнүгүүнүн векторун» жарыялоо чечими али чыга электигин айтып, бул сунушту президенттин аппаратына жолдой тургандыгын билдирди.

Жыл сайын Бишкек шаарында сууктун башталышы менен, кара түтүн маселеси курчуйт.

Абасы эң булганган шаарлардын рейтингинде Кыргызстандын борбору такай алдыңкы орунду ээлеп келет. Булгануу деңгээли «кооптуу» деп бааланат.