Ысык-Көлдө узундугу 40 чакырымга жеткен мыйзамсыз коюлган торлор алынды
19 ноябрь 2020

Ысык-Көлдө узундугу 40 чакырымга жеткен мыйзамсыз коюлган торлор алынды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери браконьерлер тарабынан Ысык-Көлдүн үч жерине мыйзамсыз орнотулган 380 балык торун алып, өрттөштү.

Мекемеден кабарлашкандай, алынган балык торлору Кытайда жасалган жана алардын жалпы узундугу болжол менен 40 чакырымга жетет.

Табылган торлор синтетикалык материалдан жасалган, андыктан аларды жок кылуу үчүн Каракол шаарынын буу казан мештерине жагып жиберүү чечими кабыл алынган. Аталган мештердин моруна зыяндуу заттардын абага чыгып кетпеши үчүн түтүн чыпкалары орнотулган.

Рейддин алкагында кайырмак менен балык уулаган ышкыбоз балыкчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга көлмөлөрдө балык уулоонун эрежелери жөнүндө маалымат берилди.