Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги өрттөн коргоочу жаңы комплекске ээ болду
25 декабрь 2020

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги өрттөн коргоочу жаңы комплекске ээ болду

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке өрткө каршы чакан көп функционалдуу комплекстер берилди. Тапшыруу салтанатында вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров токой ресурстарын коргоодо бул комплекстердин орду чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, бюджеттин тартыштыгына карабастан, мамлекеттик жаратылыш парктарына жаңы көчөттөр отургузулуп жатат. Сабиров табигый ресурстарды жана токой экосистемаларын сактоо ар бир жарандын милдети деп белгиледи.

«Ушул техниканын жана шаймандардын жардамы менен токой чарбасынын кызматкерлери токойду калыбына келтирүү жумуштарын натыйжалуу жүргүзүп, зыянкечтерге каршы күрөшүп, токойдогу өрттүн очокторун өз убагында аныктап, жок кыла алышат жана браконьерлик жана башка мыйзам бузууларга тезинен чара көрө алышат», — деди өкмөттүн өкүлү.

Көп функционалдуу комплекстер жер-жерлердеги пандемияга каршы күрөшүүгө тартылып, шаарлар менен айылдарды дезинфекциялоо үчүн колдонулган.