
Бишкектеги ЖЭБдин ордуна күн батареялары пайда болушу мүмкүн
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев күн батареяларын орнотуу жаңы ЖЭБди курулушуна альтернатива боло аларын айтты.
Борбор калаанын мэри «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы кадимки режимде иштеген жана экологиялык таза газ от казандарын орнотуп жатканына токтолду.
«Балким, биз орто көлөмдөгү газ казандарын орнотуп, калкты жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылабыз. Балким, күн батареяларын орнотобуз. Варианттарды карап чыгу керек», — деди Түлөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборундагы брифинг учурунда.
Анын айтымында, эгер бийлик экинчи ЖЭБди курууну чечсе, аны Сокулук районуна курууга болот.