Миллиондогон долларлык алтын Кыргызстандан мыйзамсыз экспорттолобу?
Сүрөттө: Бердиев Аккулу Тагаевич. Фото депутаттын “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды.
29 сентябрь 2021

Миллиондогон долларлык алтын Кыргызстандан мыйзамсыз экспорттолобу?

Кыргыз парламентинин депутаты Аккулу Бердиев Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин 21-сентябрдагы жыйынында түштүктөгү алтын кенинде "таптакыр башаламандык" болуп жатканын айтты. Оор жүк ташыган автоунаалар рекорд коюп, өлкөдөн 360 тонна алтын концентраты чыгарылып кетти.

Депутаттын бекемдешинче, "материалдарды системалуу түрдө мыйзамсыз ташууга" көптөгөн адамдар - жергиликтүү деңгээлдеги мурдагы жана азыркы аткаминерлер, орто звенодогу бийликтин жана бажы түзүмдөрүнүн кызматкерлери, салык органдары катышкан. Анын айтымында, алар эл арасында "экономикалык каракчылар" деп аталган алтын казуучулар менен кылмыштуу кутум уюштурган болушу ыктымал.

Буга чейин кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар нааразы болуп келишсе, эми бул маселени жогорку мамлекеттик деңгээлде парламент депутаты көтөрдү. Аккулу Бердиев Чоң -Алайда бир катар кытайлык компаниялар алтын концентратын ташып жатканын айтты (арасында - "Интербизнес Кайди" жана “Asia Gold Enterprise” бар).

Парламентарий алтын концентратын ташууда коррупциялык иш бар экенине ишенет. Экспорттун реалдуу көлөмү жашырылгандыктан, казынага салык түрүндө аз гана каражат түшөт. Натыйжада, тоо-кен өндүрүшүнүн реалдуу кирешеси мамлекеттин казынасына түшпөйт.

Маалыматтарга караганда, учурда 200 миң гектарга жакын жер беш кытайлык алтын казуучу компаниянын карамагында. Узак мөөнөттүү казуучу  “Asia Gold Enterprise” Кара-Казык аймагында 70 миң гектарга ээ, Айдарбек жана Көк-Суу аймактарынын дээрлик 15 миң гектарында чалгындоо иштери жүрүп жатат. Дагы бир компания – “Bei Fant Tsz Yuan” Карамыкта 16 миң гектар жерге жана Жаман-Жер аймагында 8 миң гектар жерге чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Калган аймакты "Интербизнес" менен  "Кайди" компаниялары ээлейт. Булардын баары Кытайга жүздөгөн тонна алтын концентратын ташыйт.

“Алдамчылыкты 20 жыл мурун Максим Бакиев (Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин уулу - ред.) баштаган. Жогорудагы компанияларга лицензиялар мурдагы бийлик учурунда, тагыраагы 2008-2009-жылдары берилген. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүшкө карабай, алар соодага жетишти”, - деди депутат.

“Бийликтен кеткенине карабай, Бакиевдер өз жерлерин сатууга жетишкени таң калыштуу. Лицензиялар 2010-жылдын апрелинде берилген. Калаба болуп, эл дүрбөлөңгө түшкөндө Бакиевге жакын адамдар документтерге кол коюшкан”, - деди Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында.

"Алтын концентратын чыгарып кетүүнүн схемаларын ачык эле адилетсиздик катары бааласа болот", - деп кошумчалайт саясатчы. "Алтынды экспорттоо системалуу болуп калды. Оор жүк ташуучу унаалар металлды алып кетет, ал эми орнотулган жабдыктар тоолорду талкалап, бөлүктөргө бөлүп жатат. Ошол эле учурда, төлөнгөн салыктар кыйла аз”, - дейт депутат.

Кыргызстанда кендерди иштетүүчү же геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн жүздөн ашык компаниялар бар. Алардын жарымы кенди коңшу өлкөлөргө алып кетет.

“Биздин тонналаган алтын концентраттарыбыз чет өлкөгө бекер кетет. Бул көйгөйдү көтөрүү менен мен аны логикалык жыйынтыкка жеткирүүгө чечкиндүүмүн, мыйзамсыз экспорттук схемаларга катышкандардын баары мыйзамдын чегинде жооп бериши керек”, - дейт Бердиев.

Бердиевдин демилгесин Кыргызстандын жетекчилиги колдойт деген үмүт бар. Өлкө президенти Садыр Жапаров буга чейин Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык “Centera Gold” компаниясынын мыйзамсыз аракеттерине каршы чыккан. Шайлоодо жеңгенден кийин Кыргызстан казуу иштерин өз алдынча башкарууда жана казылган бардык алтындар өлкөнүн экономикасы үчүн иштей баштады. Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдү иштетүүдөн эки айдын ичинде казынага 90 млн. доллар түшкөнүн айтты. Бул кен казылган 21 жылдагы суммадан да кыйла көп. Эми Бердиевдин маалыматынын негизинде, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир "кара тешикти" жок кылууга болот.

Мария Семенова

Булак: «Регионы России» журналы