Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери илбирстин баласын коргоого алышты
21 ноябрь 2020

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери илбирстин баласын коргоого алышты

Караколда ак илбирстин баласы пайда болгону жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тарады. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймакта ыкчам иш-чара өткөрдү.

Тактап айтканда, инспекторлор тарабынан ушул аймакта жашаган малчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле илбирстин балдары жашаган аймакта жапайы жаратылышты көзөмөлдөө үчүн фотокапкандар орнотулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ак илбирстин популяциясын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Илбирсти өлтүргөндөргө жана кармагандарга жаза күчөтүлдү. Мыйзамсыз аңчылык кылгандар түрмөгө кесилип, кылмыш иши козголот.

Совет доорунда республиканын аймагында бир жарым миңге жакын илбирс болгон. СССР урагандан кийин браконьерликтин кесепетинен илбирстин саны 150 башка чейин азайган. Азыр көрүлгөн чаралардын аркасында алардын саны 300гө жетти.