
Ысык-Көлдө браконьерлер эки тоо эчкини атышкан
Ысык-Көл облусунда браконьерлер эки тоо эчкини атышканын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо бирикмесинин (NABU) басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Нарын облусунун тургундары мыйзамсыз атылган тоо эчкилер кармалган. Кармалган учурда алар тоо эчкилердин бирин сойгонго жетишкен.
Иш-чара «Bars Group» NABU-Кыргызстан жана Биоартүрдүүлүктү сактоо жана жаратылышты сактоо департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн.
Жаратылышты сактоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча акт түзүлүп, бардык материалдар Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, бир тоо эчкисин мыйзамсыз аткандарга 100 миң сом айып пул салынат.