Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Экономика
16 февраль 2022
Бакыт Торобаев ЕАЭБ жөнүндө: «Эмгек мигранттарыбыздын кыйналып жатканын ачык айтууга мезгил жетти».
Бакыт Төрөбаев ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан киргизилген жасалма чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды тез арада карап чыгууга жана чечүүгө чакыды. Депутаттын айтымында, “кыргыз тараптын бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар. Бирок, эмгек мигранттарынын топтолуп калган көйгөйлөрүн чечүүгө тийиштүү көңүл бурулбай жатат”.
15 февраль 2022
Кыргызстан-Казакстан биригүүгө убакыт келдиби?
3-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш айтылды. Бул демилгени “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Торобаев көтөрдү.
18 октябрь 2021
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.
3 сентябрь 2021
Күйүүчү майга баа 1,3-1,7 сомго кымбатташы күтүлөт
2021-жылдын сентябрынан тартып Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан күйүүчү-майлоочу майларды ала баштайт. Анын экспорттук бажы алымы тоннасына 19,3 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.
26 август 2021
Нурали Талипов: “Кадамжай районуна 500 жумушчу орундуу фабрика ачууга ниетим бар”
Нурали иним менен тар чөйрөдө жолугуп, жакындан таанышып калдык. Эгемендик алган жылдардан тарта башынан нечендеген оор күндөрдү өткөрүп, турмуш өзү ийлеп-ийлеп бышырып, жеке ишкерлик жакка ыктатканын, анын да түмөн түйшүгү бар экенин айта отурду. Анда кеп башынан болсун.
14 январь 2021
Кыргызстан 2020-жылы балыктан 1 миллиард сом пайда көрдү
2020-жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өндүрүлгөн. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында билдирди.
4 январь 2021
РКӨФ Кыргыз Фондулук Биржасынын акцияларын сатып алды
Россия-кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун 7,5% акциясын экинчи рыноктон сатып алган. Бул тууралуу фондулук рынокту өнүктүрүү боюнча жыйында белгилүү болду. Аны премьер-министрдин м.а. Артём Новиков өткөрду.
4 январь 2021
Кыргызстанда 2021-жылдын бюджети бекитилди
Президенттин м.а. Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу журналисттерге анын басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
1 январь 2021
Кыргызстанда жип ийрүүчү фабрика ачылды
Кыргызстанда биринчи жип ийрүү фабрикасы иштей баштады. Эми өлкө башка өлкөлөрдүн чийки затына көз каранды болбош үчүн кездемелерди чыгарат.
30 декабрь 2020
Кыргызстанда айдоо аянттары 6,9 миң гектарга көбөйдү
Быйыл Кыргызстанда жалпы айдоо аянты көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, айдоо аянты 2019-жылга салыштырмалуу 6,9 миң гектарга көбөйүп, 1 миллион 223 миң гектарды түздү. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы байкалууда.
30 декабрь 2020
Кыргызстандын дыйкандары бир жылда 6,8 миллиард сом насыя алышты
2020-жылы 11 миңден ашуун дыйкандар жалпы суммасы 6,8 миллиард сомду түзгөн насыя алышкан. Бул тууралуу Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.
29 декабрь 2020
Кыргызстанда бир жылда 60тан ашуун жаңы кайра иштетүүчү ишканалар ачылды
Кыргызстанда 2020-жылы кайра иштетүү жаатында 60тан ашуун жаңы ишканалар пайда болду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет Турсалиева билдирди.
29 декабрь 2020
Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда эт кымбаттап жатат
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев республикада эт кайрадан кымбаттап баштаганын билдирди. Анын айтымында, акыркы айларда эттин килограммы 280 сомдон 400 сомго чейин көтөрүлдү.
28 декабрь 2020
2020-жылы кыргыз темир жолу аркылуу 7 миллион тоннадан ашык жүк ташылды
2020-жылдын аягына чейин Кыргыз темир жолу 7 миллион 103,1 миң тонна көлөмүндө жүк ташууну пландап жатат. Мындай божомолдорду Транспорт жана жолдор министрлиги берди.
28 декабрь 2020
Кыргызстандыктар 10 айда чет өлкөгө дээрлик 400 миллион доллар которушкан
Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү 395,1 миллион долларды түздү. Кеп акча которуу тутуму аркылуу жеке адамдардын которуулары жөнүндө болуп жатканын КР Улуттук банкы билдирди.
27 декабрь 2020
Кыргызстандан сыранын экспорту 22% га кыскарды
Быйыл 10 айда Кыргызстан 61,5 миң литр сыра экспорттогон. Отчеттук мезгилдеги экспорттун наркы 2,2 млн сомду (26,4 миң доллар) түздү, деп билдирди республиканын Улуттук статистикалык комитети.
25 декабрь 2020
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 20 миллион доллар бөлөт
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Россия Федерациясы республикага кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Каражат Кыргызстандын бюджетиндеги каржылык боштукту жабууга жумшалат.
25 декабрь 2020
Новиков чакан жана орто бизнеске колдоо болорун убадалады
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков бийлик бизнес өкүлдөрүн мүмкүн болушунча колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында айтты.
24 декабрь 2020
Кыргызстанда 11 ай ичинде дээрлик 240 миллиард сомдук товар өндүрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында кайра иштетүү тармактарынын өндүрүшүнүн көлөмү 239 миллиард 357,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат.
23 декабрь 2020
Кыргызстан 128 миллион доллар инвестициядан кол жууйт
Жыл башынан бери түздөн-түз чет элдик инвестициялардын агымы дээрлик 400 миллион долларды түздү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирге аз.
1
2
3
4
Вперед