Социалдык фонд пенсия көбөйө турганын билдирди
Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева 2021-жылы өлкөдө орточо пенсия болжол менен 250 сомго жогорулай турганын айтты. Төлөмдөрдүн көбөйүшү боюнча суроону парламенттин депутаты Дастан Бекешев берди.
Ошол эле учурда Жуматаева 2021-жылы туумдарды көбөйтүүгө 2020-жылга караганда азыраак акча бөлүнгөнүн белгиледи. Бирок, өсүш баары бир 5%ды түзөт. Буга бюджеттен 510 миллион сом сарпталат.
2021-жылы 45 миңге жакын кыргызстандык пенсияга чыгат.