Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын кору дээрлик эки эсе көтөрүлдү
22 ноябрь 2020

Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын кору дээрлик эки эсе көтөрүлдү

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандын алтын кору 34,2 млрд сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Быйыл башында Кыргызстандын алтын кору 48,834 миллиард сомго бааланган. Ноябрдын башына карата өлкөнүн алтын запасынын наркы дээрлик эки эсе көбөйүп, 83,111 миллиард сомду түздү.

Эске салсак, ушул жылдын август айында Кыргызстандын алтын-валюта резервинин көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекорд койгон.

Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 16 тоннадай алтын бар. Кыргызстандын кору ондон ашык валютанын түрүнөн, CDR жана алтындан турат.