Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен тааныштырды
22 ноябрь 2020

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен тааныштырды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өзүнүн веб-сайтында өлкөнүн экономикасынын ар кыл тармактары боюнча бир нече презентацияларды жайгаштырды. Дипломатиялык өкүлчүлүк алардын максаты потенциалдуу россиялык инвесторлордун көңүлүн буруп, соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү экенин белгилейт.

Элчилик иш-аракеттин дал ушул тармагы дайым негизги багыттардын бири болгонун баса белгилейт. Алар бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Коронавирустук пандемиянын шартында, бул татаалдашып кетти, ошондуктан алар байланыштын жетишсиздигин интернет булактары аркылуу толтурууну чечишти.

Атап айтканда, төмөнкү презентациялар жарыяланды: «Кыргызстандын экспорттук потенциалы», «Кыргызстандын эркин экономикалык аймамктары», «Гидроэнергетика — Кыргызстандын энергетика секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү стратегиялык багыт», «Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы».