Кыргызстандан сыранын экспорту 22% га кыскарды
27 декабрь 2020

Кыргызстандан сыранын экспорту 22% га кыскарды

Быйыл 10 айда Кыргызстан 61,5 миң литр сыра экспорттогон. Отчеттук мезгилдеги экспорттун наркы 2,2 млн сомду (26,4 миң доллар) түздү, деп билдирди республиканын Улуттук статистикалык комитети.

Экспорттун жалпы көлөмүнүн 53% Кытай, 29% Россия, 29% Тажикстан түздү.

Салыштыруу үчүн: 2019-жылдын он айында Кыргызстан 3,5 миллион сомго (42 миң доллар) 79,3 миң литр сыра экспорттогон. Ошентип, бул өнүмдүн экспорту 2020-жылы физикалык мааниде 22%, нарктык мааниде — 37% кыскарган.