Референдум өткөрүүгө кошумча 4 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат
4 декабрь 2020

Референдум өткөрүүгө кошумча 4 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат

2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо күнү референдумду дагы өткөрүү үчүн кошумча 4 миллион 138 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бул сумма бюллетендерди даярдоого жумшалат. Референдумга башкаруу формасына байланыштуу эки маселе коюлат: президенттик же парламенттик.

Жапаровдун айтымында, эгер референдум президенттик шайлоодон өзүнчө өткөрүлсө, аларга 270 миллиондон 450 миллион сомго чейин акча керектелмек.