Өлкө экономикасы 10 айда пандемиядан улам 7,4% га төмөндөдү
4 декабрь 2020

Өлкө экономикасы 10 айда пандемиядан улам 7,4% га төмөндөдү

Ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасында төмөндөө 7,4%ды түздү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.

Анын айтымында, салык жана бажы кирешелеринин төмөндөшүнөн улам, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржылоо тобокелдиги жана 2020-жылдын аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгүн пландаштырууда фискалдык тобокелдиктер бар.

«Пандемия ата мекендик ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди», — деди Новиков.

Бизнести колдоо үчүн салык төлөө мөөнөтү, салык декларацияларын тапшыруу убактысы кийинкиге жлдырылып, салык келишимдеринин милдеттемелери кайра каралып, салык санкциялары, айып пулдар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар реструктуризацияланган.
Мындан тышкары, бизнести кошумча колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү, дыйкандарга субсидия берүү жана каржылоонун жаңы инструменттерин киргизүү чаралары каралууда.