Кыргызстанда «сүт палатасы» пайда болот
16 декабрь 2020

Кыргызстанда «сүт палатасы» пайда болот

Кыргызстанда сүттү өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү максатында «сүт палатасы» түзүлүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Палатаны түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин адистери кирген.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, уюмдун инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функциялары болот.

«Ар бир тармактын адистери бар, өз саясатын иштеп чыгуу жана жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. „Сүт палатасы“ ушундай ийгиликтүү үлгү болот», — деди министр.

«Сүт палатасы» сүт өндүрүү көлөмүн көбөйтүү, айыл жеринде кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, жеңилдетилген насыяларды берүү, сүттүн баасын турукташтыруу, экспорттоо жана башка суроолорду көтөрөт деп күтүлүүдө.

Уюмду каттоонун жол-жобосун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.