Кыргызстанда насыя алгандар үч айга пайыздык төлөмдөрдөн бошотулду
23 ноябрь 2020

Кыргызстанда насыя алгандар үч айга пайыздык төлөмдөрдөн бошотулду

Өкмөт алган насыясы 100 миң сомдон ашпагандардын үч айга пайыздарды төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров премьер-министрдин жана президенттин ыйгарым укуктары токтотулганга чейин кол койгон.

Мындай чечим коронавирус инфекциясынын шарттаган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.
Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык берилген насыяларды эске алганда, өкмөт төлөй турчу насыялардын пайыздарынын жалпы суммасы болжол менен 1,2 млрд сомду түзөт.

Кыргызстандагы банктардан 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган насыя алгандар үстүбүздөгү жылдын декабрь айы, ошондой эле 2021-жылдын январь жана февраль айлары үчүн пайыздарды төлөбөйт.

Эгерде насыя алуучунун 100 миң сомго чейинки бир нече насыялары бар болсо, анда алардын бирөөсүнө гана пайыздарын төлөбөйт.

1-декабрга чейин Улуттук банк Финансы министрлигине пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишим түзүү үчүн банктардын тизмесин бериши керек. Насыя алуучуларга 5-декабрга чейин пайыздык төлөмдөрдөн бошотуу үчүн реестрге киргизүү үчүн жазуу жүзүндөгү арыз менен банктарга кайрылуу сунушталат.