Кыргызстандыктар 10 айда чет өлкөгө дээрлик 400 миллион доллар которушкан
28 декабрь 2020

Кыргызстандыктар 10 айда чет өлкөгө дээрлик 400 миллион доллар которушкан

Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү 395,1 миллион долларды түздү. Кеп акча которуу тутуму аркылуу жеке адамдардын которуулары жөнүндө болуп жатканын КР Улуттук банкы билдирди.

Ал эми 2019-жылдын он айында Кыргызстандан 438,9 миллион доллар чыгарылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айында 41 миллион которулган, ал эми бир жыл мурун 55,9 миллион которулган болчу. Быйылкы жылдын эң аз агымы апрель айына (17,7 миллион доллар), эң жогорку чеги сентябрга (50,5 миллион доллар) туура келет.