Кыргызстан Кытайдан бери карай темир жолду куруу долбоорун алдыга жылдырууда
5 декабрь 2020

Кыргызстан Кытайдан бери карай темир жолду куруу долбоорун алдыга жылдырууда

Бишкек Евразия Өнүктүрүү Банкын (ЕБР) Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көңүл бурууга чакырат. Мындай сунушту 4-декабрда Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов Евразиялык конгресстин жыйыны учурунда билдирди.

«Кыргызстан — Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эң түштүк аймагы болуп саналат. Ошондуктан, банкка Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбооруна көңүл бурууну сунуштайт элем», — деди ал.

Анын айтымында, бул долбоор Кытайдын «Бир алкак — бир жол» программасына жана Россиянын «Чоң Евразия» демилгесине «толугу менен туура келет».

Муканбетов бул темир жол Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Иран аркылуу андан ары башка мамлекеттерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берет деп түшүндүрдү. Анын пикири боюнча, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ушул транспорттук коридор аркылуу өз продукциясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алмак.