
Кыргызстанда бизнести текшерүүгө мораторий 2022-жылга чейин узартылды
Кыргыз бийлиги мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт мораторийди узартуу чечими коронавирустун жайылышына байланыштуу ишкердик субъектилерине кошумча түрткү берүү максатында кабыл алынганын белгиледи.
Узартуу боюнча чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду.
Буга чейин 2018-жылы эки жылдык мораторий жарыяланган. Тыюу салуу ишкердик субъекттерин ыйгарым укуктуу он органдын текшерүүсүнө тиешелүү.