Кыргызстандын мамлекеттик карызы долларда азайып, бирок сомдо көбөйдү
23 ноябрь 2020

Кыргызстандын мамлекеттик карызы долларда азайып, бирок сомдо көбөйдү

Кыгызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-сентябрга карата республиканын мамлекеттик карызы 4 миллиард 826,46 миллион долларды же 384 миллиард 186,08 миллион сомду түздү. Тактап айтканда, тышкы карыз — 4 171,13 миллион доллар, ал эми ички карыз — 655,33 миллион доллар.

Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 940 миң долларга азайган. Ырас, буга доллардын курсунун өзгөрүшү таасир этти. Эгерде сумманы улуттук валюта менен салыштыра турган болсок, анда мамлекеттик карыз 5 миллиард 388,59 миллион сомго өстү.

Тактап айтканда, тышкы карыз 9,31 миллион долларга кыскарса, сом менен, тескерисинче, 3 миллиард 990,01 миллионго көбөйгөн. Ички карыз эки валютада тең өскөндүктөн, оомат күлбөгөндөй. Доллар менен 8,37 млн, ал эми сом менен 1 млрд 398,58га көбөйгөн.

Сентябрдын аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 65,88 пайызын түздү. Карыздын көпчүлүк бөлүгү көп тараптуу жеңилдетилген насыялардан (тышкы карыздын 44,7%) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын насыяларынан (тышкы карыздын 42,6%) турат.

Кыргыз бийлиги карызды төлөө мүмкүнчүлүгүн издеп жатат. Капиталдык мунапыс ушундай механизмдердин бири болуп калышы мүмкүн. Эксперт Марина Гречанная кырдаал жөнүндө өзүнүн көз карашы менен бөлүштү:

«Түрдүү изилдөөлөргө ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 23,6% дан 53,5% га чейин өзгөрүп турган. Мунапыстын жардамы менен бийлик бардык ишкердик субъектилерине бирдей шарт түзүп, оң макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишип, өлкөнүн тышкы карызын төлөөнү камсыз кылат деп үмүттөнөт.

Экономикалык мунапыс кыргыз бийлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттин ордун толтуруунун эффективдүү варианты катары каралууда. Баса, мунапыс эч качан кыргыздын ноу-хаусу эмес. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү буга чейин мындай кадамдарга барышкан, анткени көмүскө экономика — бул бүткүл дүйнөлүк балээ. Дүйнө жүзү боюнча көмүскө экономиканын негизги компоненттери салык органдарынан жашырылган кирешелер жана расмий эмес эмгек, биринчи кезекте айыл чарбасына таандык. Көмүскө сектордун пайда болушунун жана өсүшүнүн негизги себептери — бул улуттук экономиканын кризистик абалы жана туруксуз саясий кырдаал.

Профсоюздардын Жалпы Конфедерациясы Кеңешинин баяндамасында 1960-жылдардын башында көмүскө иш-чаралар глобалдык экономиканын 5,6% гана түзгөн, деп айтылат. 2010-жылдардын аягында Дүйнөлүк ИДПнын 33% дан ашыгы, же 39 триллион доллар көмүскөдө катылып келген. Өнүккөн өлкөлөрдө дагы көмүскө сектордун саны өсүүдө, мисалы, өткөн кылымдын ортосунан бери Швециянын ИДПсындагы көмүскө ишмердүүлүктүн үлүшү 11 эсеге, Германиянын ИДПсында — 8 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө көмүскө сегмент дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикасында орун алган. Пайыздар гана ар башка: ИДПнын 60% дан ашыгы — Зимбабведе жана Боливияда, 10-15% — АКШда, болжол менен 18% — Европа Биримдигинде.

Кыргызстанда экономикалык мунапыс мурда да жарыяланган; акыркы 13 жылда бийлик ак ниетсиз салык төлөөчүлөр менен байланышууга төрт жолу аракет кылган, анын үстүнө бул иш-чаралар киреше декларациясын жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону камтыган. Биринчи эки өнөктүк иш жүзүндө натыйжа берген жок, үчүнчүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө эч нерсе айтылбайт. 2013-жылы бул өнөктүк бюджетке 450 миң сом гана алып келген, же ошол кездеги доллардын курсу боюнча 10 миң доллардан ашпаган, бүгүнкү күндө Садыр Жапаров жарыялаган амнистиянын мөөнөтүнүн жарымында эле өлкө бюджетине 382,5 миллион сом же 4,5 миллион доллар түшкөн».