Кыргызстанда уюлдук байланыш арзандайт
24 ноябрь 2020

Кыргызстанда уюлдук байланыш арзандайт

Аталган маселе вице-премьер-министр Равшанбек Сабировдун жергиликтүү уюлдук операторлордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда талкууланды.

Сабировдун айтымында, 2021-жылдан баштап сүйлөшүүнүн бир мүнөтүнө 3,5 сомду түзгөн акы 1 сомго чейин түшөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Интернет жана байланыш турмуштун ажырагыс бөлүгү, ошондуктан телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек.