Кыргызстанда бир жылда 60тан ашуун жаңы кайра иштетүүчү ишканалар ачылды
29 декабрь 2020

Кыргызстанда бир жылда 60тан ашуун жаңы кайра иштетүүчү ишканалар ачылды

Кыргызстанда 2020-жылы кайра иштетүү жаатында 60тан ашуун жаңы ишканалар пайда болду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет Турсалиева билдирди.

Ал Баткенде 4, Жалал-Абад облусунда 15, Ош облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 8, Нарын облусунда 6, Чүй облусунда 12, Ош шаарында 12 кайра иштетүүчү ишканалар ачылганын айтты.

Министрдин орун басары коронавирус пандемиясына байланыштуу антисептикалык каражаттарды чыгарган ишканалардын саны 5тен 14кө чейин көбөйгөнүн белгиледи.