Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнү пландалууда
25 ноябрь 2020

Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнү пландалууда

Туризм департаменти 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты.

Документ ишке ашыруу мамлекет менен ишкерлердин ортосунда жаңы туристтик өнүмдөрдү жана сунуштарды түзүүгө жана туризм субъекттеринин экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча гармониялуу өнөктөштүктү камсыз кылууга жардам берет деп болжолдонууда.

Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө кыш мезгилинде туристтер үчүн жаңы сунуштарды түзүү жана жайылтуу, ички туризмди өнүктүрүү, ошондой эле кышкы туризмдин чет элдик туристтер үчүн жагымдуулугун жогорулатуу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, кышкы туризмге инвестицияларды тартуу жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөтүү каралууда.
Кышкы туризмду туруктуу өнүктүү долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылык (SECO) аркылуу каржыланып, Хельветас Кыргызстан тарабынан ишке ашырылууда.