Кыргызстандын дыйкандары бир жылда 6,8 миллиард сом насыя алышты
30 декабрь 2020

Кыргызстандын дыйкандары бир жылда 6,8 миллиард сом насыя алышты

2020-жылы 11 миңден ашуун дыйкандар жалпы суммасы 6,8 миллиард сомду түзгөн насыя алышкан. Бул тууралуу Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

«Долбоордун алкагында 2020-жылы 6,8 миллиард сомго 11800 насыя берилген. Үрөндөр дыйкандарга 15,5 миллион сом суммасында 30 пайыз өлчөмүндө субсидияланган», — деди Айыл чарба министрлигинин башчысы.

Анын айтымында, быйылкы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбасын, дыйканчылыкты, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоору ишке ашырылды.