Кыргызстанда айдоо аянттары 6,9 миң гектарга көбөйдү
30 декабрь 2020

Кыргызстанда айдоо аянттары 6,9 миң гектарга көбөйдү

Быйыл Кыргызстанда жалпы айдоо аянты көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, айдоо аянты 2019-жылга салыштырмалуу 6,9 миң гектарга көбөйүп, 1 миллион 223 миң гектарды түздү. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы байкалууда.

Министрдин орун басары быйыл республиканын бардык аймактарында айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп, ага 40 миңден ашуун адам катышканын айтты.

Мындан тышкары, Керималиевдин айтымында, дыйкандарды колдоо максатында Корея жана Япония менен үрөн өстүрүү, органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү кайра иштетүү жаатында келишимдер түзүлгөн.