Кытайдын карызынын мөөнөтүн узартуу менен Кыргызстан 2,9 млрд сом ашык төлөйт
25 ноябрь 2020

Кытайдын карызынын мөөнөтүн узартуу менен Кыргызстан 2,9 млрд сом ашык төлөйт

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, карыздын узарып жаткандыгына байланыштуу өлкө Кытайга 2,9 миллиард сомду ашыкча төлөшү керектигин айтты. Ошол эле учурда, бул маселе боюнча консультациялар дагы деле болсо уланууда.

Кытай карыздын төлөмдөрүн төрткө бөлүүгө макул болду. Узартуунун пайыздык чени 2%ды түзөт. Новиков бул өкмөт тарабынан белгиленген жеңилдиктердин параметрлеринин деңгээлинде сакталат деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Кытай Кыргызстандын негизги кредиторлорунун бири. Мындан тышкары депутаттар тартыштыгы 1,1%ды түзгөн 2021-жылдын бюджетин бекитишти.